Олимпиада оюндары кызуу жүрүп аткан чакта, элдин көңүлү кыргыз балбандарына, чемпиондорго бөлүнгөн жагдайда Темир Сариевди Кумтөр иши боюнча камакка алышты. Канчалык деңгээлде күнөөсү бар же жок экенин мезгил аныктайт. А биз саясый өңүтүнө келсек, Аскар Акаевдин келиши менен Темир Сариевдин абакка жабылышы кандай? Бир чүйлүккө жол ачып, экинчисин буттан чалышканыбы? Саясый оюнбу? Ушул суроолордун соңу менен көп сөздөр ырбап кетпейби? “Түрмөгө жылан жатпасын” дейт. Кайран Темике, сиздин бул тагдырыңызды кайгыруу иретинде кабыл алдык! 

“Азия Ньюс” гезити