-5.9 C
Бишкек
Четверг, 27 января, 2022

Ооган өкмөтүнүн медиа борборунун башчысын атып кетишти

- Advertisement -spot_imgspot_img
- Advertisement -spot_imgspot_img

Ооганстандын өкмөтүнүн маалымат саясатын жетектеген медиа борбордун башчысы Дава Хан Менапалды жоочулар 6-августа атып өлтүрдү. Бул тууралуу «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлады.

Бул “Талибан” кыймылынын Ооганстандын бийлигинин расмий өкүлдөрүнө кол салган соңку окуя болуп калды.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Менапалдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды. Ал ооган кызматынын суроосуна текст түрүндө берген жообунда “бул атайын кол салуу” деп жооп кайтарды.

Бул окуя БУУнун Коопсуздук кеңеши ооган бийлигинин суранычы менен Ооганстандагы соңку кырдаалды талкуулоого даярданып жаткан маалга туура келди.

- Advertisement -spot_imgspot_img
Latest news
- Advertisement -spot_img
Related news
- Advertisement -spot_img

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь