Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 7 миң 769 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1507, Алматы шаарында – 1507, Шымкент шаарында – 549, Акмоло облусунда – 260, Актөбе облусунда – 387, Алматы облусунда – 300, Атырау облусунда – 340, Чыгыш-Казакстан облусунда – 305, Жамбыл облусунда – 173, Батыш-Казакстан облусунда – 168, Караганда облусунда – 1038, Костанай облусунда – 265, Кызылорда облусунда – 194, Мангистау облусунда – 200, Павлодар облусунда – 303, Түндүк-Казакстан облусунда – 160, Түркестан облусунда – 113адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 618 миң 513 адам коронавирус жуктурган.